Сирияда абадан кол салуу жасалды
Кол салууда эң аз 50 киши каза тапты.
795119
Сириянын Хама облусунун чыгышында кечээ түнү жасалган кол салууларда көпчүлүгү балдар жана аялдар болуп, эң аз 50 киши каза болду.
Кайсы өлкөгө таандык экендиги азырынча белгисиз болгон учактар кечээ кечки сааттарда Хаманын чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмдун текшерүүсү астындагы Рувейда жана Мустериха айылдарына бомба атты. Жергиликтүү булактар аймакта медициналык кийлигишүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан жаралуулардын дарылана албагандыгын билдирди.