АКШнын жаңы санкцияларына Орусия жооп кайтарат

АКШ санкция тизмесин кеңейткен болчу

795163
АКШнын жаңы санкцияларына Орусия жооп кайтарат

АКШнын Казына департаменти 1 орус ишканасы менен 4 орус жаранын Түндүк Корея менен байланыштары бар экенин себеп көрсөтүп санкция тизмесине кошкондон кийин Москва башкаруучугу жооп кайтарууга даярданууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалгандай министрдин орун басары Сергей Рябков АКШнын жаңы санкцияларына байланыштуу: «Бардык маселелердин ар дайым диалог жолу менен чечилүүсүн жактадык жана жактайбыз. Акыркы жылдарда Вашингтон, биз үчүн санкция тилинин кабыл алынгыс экенин жана чыныгы маселелердин чечилүүсүнүн ушул сыяктуу кадамдар менен бөгөт коюлгандыгын түшүнүшү керек эле, бирок ушул учурга чейин мындай түшүнүк болгон жок жана болчудай көрүнбөй эле»,-деди.

Рябков: «Ошондой болсо да АКШлык кесиптештерибиздин санкция чынжырын андан да баш аламан абалга алып келүүнүн мааниси жок экенин жана зыян берүүчү таасирин түшүнөөрүн дагы деле үмүт кылабыз. Бул абалга каршы сөзсүз ишке ашырыла турчу санкциялар үчүн иш-чараларды баштадык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар