Түштүк Кореядагы аскердик машыгуу чыныгы согушка айланабы?

АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуусуна, Түндүк Корея каршылык көрсөтүүдө.

794709
Түштүк Кореядагы аскердик машыгуу чыныгы согушка айланабы?

АКШ менен Түштүк Кореянын 67500 аскердин катышуусунда өтүп жаткан биргелешкен машыгуусуна, Түндүк Корея каршылык көрсөтүүдө.

Түндүк Корея машыгууда орун алган өлкөлөрдү «лидерликти кулатуу үчүн жашыруун операция жүргүзгөндүгү» менен күнөөлөдү.

Түндүк Кореянын дипломаттары машыгууну «отко күкүрт менен жакындоо» катары сыпаттап, чыңалуунун күчөй турганын билдиришүүдө.

Түндүк Кореядан айрыкча машыгуунун чыныгы кагылышууга айлана турганы боюнча эскертүүсү келди.

Бир тараптан түндүк кореялык дипломаттардын Женевадагы жолугушууларда БУУнун жооптуу кызматкерлерине «Түндүк Корея, атомдук күч укугун эч качан сүйлөшүү үстөлүнө алып барбайт»,деп айткандары маалымдалды.

Түштүк Корея жана АКШнын «Ульчилик эркиндик коргоочулары» (Ulchi Freedom Guardian) деп аталган биргелешкен машыгуусу «эң ылайыктуу баш тарттыруучу стратегиясы менен» бейшемби күнгө дейре уланат.

Машыгууга БУУнун командирлигине (UNC) мүчө Австралия, Канада, Колумбия, Дания, Жаңы Зеландия, Нидерландия жана Англиянын аскерлери да катышууда.



Тектеш кабарлар