Раккада 24 саатта 78 жаран каза тапты

Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсүндөгү Ракка шаар борборуна 24 саатта жасалган кол салууларда 78 жаран каза тапты.

794436
Раккада 24 саатта 78 жаран каза тапты

Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсүндөгү Ракка шаар борборуна 24 саатта жасалган кол салууларда 78 жаран каза тапты.

«Ракка үнсүз өлтүрүлүп жатат» аттуу  активисттер желесинин социалдык медиадан берген маалыматында АКШнын жол башчылыгындагы  коалициянын абадан, ПКК/ПЙД террордук уюм түзгөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн да кол салуулары менен 24 саатта 78 жарандын каза болгондугу белгиленди.

ДЕАШка каршы коалиция жана террордук уюм ПКК/ПЙДнин Ракка шаар борборуна карата кол салууларынан улам 450 миң жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Шаар борборундагы кагылышуулардан улам 30 миңге жакын киши кагылышуу курчоосунун астында калды.



Тектеш кабарлар