АКШнын Ооганстандан ылдам чыгып кетүүсү эмнеге алып барат?

Трамп, Виргиниядагы «Форт-Майер» аскердик базасында сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан тууралуу жаңы согуштук стратегиясын жарыялады.

794332
АКШнын Ооганстандан ылдам чыгып кетүүсү эмнеге алып барат?

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, өлкөсүнүн 16 жылдан бери согушуп жаткан Ооганстандан ылдам түрдө чыгуусунун «алдын ала көрүнгөн жана кабыл алынгыс» жыйынтыктарынын алдын алуу үчүн күрөшүлүшү керектигин айтты.

Трамп, Виргиниядагы «Форт-Майер» аскердик базасында сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан тууралуу жаңы согуштук стратегиясын жарыялады.

Дональд Трамп, «Ооганстан жана дагы кеңири аймакта туш болгон коопсуздук коркунучтарынын абдан дагы чоң болгону жыйынтыгына жеттим»,-деген серебин салды.

«Бөлүк санынан же алдыдагы аскердик иш-аракет планыбыз туурасында сүйлөшпөйбүз»,деген Трамп, туш келди убакыт тилимдеринде эмес, аянттагы шарттардын мындан кийинки стратегияларына багыт бере турганын айтты.

Трамп, АКШнын Ооганстандан ылдам түрдө чыгуусунун «алдын ала көрүнгөн жана кабыл алынгыс» жыйынтыктарынын алдын алуу үчүн күрөшүлүшү керектигин айтты.

Ооганстан калкынын өз улутунун коопсуздугун камсыздай турганын түшүндүргөн Трамп: «Ооганлар өз улутун курат жана өз келечегин белгилейт. Алардын ийгиликтүү болушун каалайбыз»,-деп айтты.

Ооганстандан ылдам түрдө чыгуунун кабыл алынгыс экенин жана бийликте боштук боло турганына токтолгон Трамп, АКШнын «жеңиш» үчүн бир жолго муктаждыгы бар экенин айтты.

Америка калкынын «жеңиш болбостон согуш чаалыгуусу» болгонун айткан Трамп, америка калкынын ишке ашпаган кыялданууларын бөлүшкөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар