АКШнын коргоо министри Иракта

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттистин Ирак сапарынан кийин Түркияга келиши жана андан кийин Украинага барары күтүлүүдө.

794489
АКШнын коргоо министри Иракта

Иорданиянын борбор шаары Аммандан бүгүн эрте менен Ирактын борбор шаары Багдатка барган Маттистин сапары Ирактын премьер  - министри Хайдар Ибадинин жуманын акырында  Телафер  операциясынын башталгандыгын жарыялагандан кийин ишке ашты.

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис кечээ Иорданияда жолугушууларды өткөргөн болчу. Маттис Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах менен башта Сирия жана Ирак маселелери болуу менен аймактык жана эл аралык темаларды сүйлөштү. Сүйлөшүүдө ДЕАШ террордук уюмга каршы күрөшүү аракеттерине да токтолушту.

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттистин Ирак сапарынан кийин Түркияга келиши жана андан кийин Украинага барары күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар