Орусия Кытайда атомдук станция курат

Жаңы атомдук станция 2006-жылы Орусиянын жабдуулары менен курулган Тяньвандагы атомдук станциядан 20 километр алыстыкта жайгашат

792587
Орусия Кытайда атомдук станция курат

Орусия Кытайда атомдук станция курат.

Орусиянын Мамлекеттик атомдук энергия мекемесинин (Росатом) билдирүүсүндө, Кытайдын Орусияны Жиангсу аймагында салына турган атомдук станциянын курулушунда орун алууга чакырганы белгиленди.

Росатомдун билдирүүсүнө караганда, Орусия Кытайдын Жиангсу аймагында салына турган станциянын курулушунда орун алат.

Бул долбоорго Росатомдун өнөктөшү Түштүк Азия долбоорлору (South Asia Projects-ASE) компаниясы тарабынан байкоо салынат.

ASEнин жетекчи орун басары Андрей Лебедев, Орусиянын атомдук станциядагы алты реактордон кеминде экөөсүн куруп берээрин айтты.

Жаңы атомдук станция 2006-жылы Орусиянын жабдуулары менен курулган Тяньвандагы атомдук станциядан 20 километр алыстыкта жайгашат.  



Тектеш кабарлар