АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуусуна Түндүк Корея карышылыгын көрсөтүүдө...

АКШнын 17500 жана Түштүк Кореянын 50 миң аскери катышкан машыгуунун 11 күнгө созулушу күтүлүүдө.

793629
АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуусуна Түндүк Корея карышылыгын көрсөтүүдө...

Америка Кошмо Штаттары менен Түштүк Кореянын жыл сайын өткөрүүчү салттык биргелешкен аскердик машыгуусу башталды.

«Ульчилик эркиндик коргоочусу» деп аталган жана Түндүк Кореянын каршылык көрсөтүүсүн тарткан машыгууда көбүнчө компьютердик симуляция колдонулат.

АКШнын 17500 жана Түштүк Кореянын 50 миң аскери катышкан машыгуунун 11 күнгө созулушу күтүлүүдө.

Машыгууда танка маневрлары жана чыныгы октор менен атылбай турганы, аскерлердин компьютердик симуляциялар менен чечим чыгаруу жөндөмдүүлүктөрүн сынай турганы белгиленүүдө.

АКШ жана Түштүк Корея машыгууларынын коргонуу максаттуу болгонун баса белгилөөдө.

 Түндүк Корея болсо бул машыгуулардын «басып алуу сыноосу» болгонун жактоодо.

Жекшемби күнү расмий берүү органы «Родонг Синмун» гезитиндеги редакциялык жазууда, бул машыгуулардын Корея жарым аралындагы абалды дагы да начарлата турганы баса белгиленди жана «текшерилгис ядролук согуш» эскертүүсүн кылды.

Макалада «Тоготпостук мамилелер абалды текшерилгис ядролук согуш баскычына карай алып баратат»,делди.

Кытай жана Орусия, июль айында Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолорун токтоткон учурунда биргелешкен аскердик машыгууларын токтото турганын сунуштаган.

Бирок АКШнын башкы штаб төрагасы Жозеф Данфорд, өткөн аптадагы жарыясында аскердик машыгуулардын токтотулушунун «учурда сүйлөшүү темасы болбогонун» айткан.



Тектеш кабарлар