Сирияда Асад режими уулуу газ колдонду

Сирияда Асад режими Чыгыш Гутадагы Айн Терма аймагына мазмуну белгисиз уулуу газ менен кол салганы маалымдалууда.

791501
Сирияда Асад режими уулуу газ колдонду

Сирияда Асад режими «коопсуз аймактардын» катарында орун алган Чыгыш Гутадагы Айн Терма аймагына мазмуну белгисиз уулуу газ менен кол салганы маалымдалууда.

Айн Термадагы Жарандык коргонуу боюнча басма сөз жооптуусу Өмер Абу Убейде, режим күчтөрүнүн Айн Терма аймагында оппозициячылдардын фронт тилкесине курамы белгисиз газ менен кол салганын айтты.

Айлана-чөйрөгө жайылган газдан 4 оппозициячылдын таасир алганын айткан Абу Убейде, бул кишилердин талаа ооруканасында дарыланып жаткандарын белгиледи.

Дамасктын чыгышында Жобар мааласы менен Айн Терма жана Земелка жергелери да орун алган Чыгыш Гута аймагы 5 жылдан бери режимдин курчоосу астында турат.

Режим, Чыгыш Гутанын түштүк чыгышында жарым арал формасындагы Жобарды түштүк батышындагы Айн Терма жана Земелкадан бөлүп алып курчоого алууну максаттап жатат.

Ушундайча режимдин орто эсеп менен 3 айдан бери тынымсыз түрдө кол салган Чыгыш Гутадагы курчоосу да кичирейген болот.



Тектеш кабарлар