АКШ менен Түндүк Кореянын тирешүүсү болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти

Башкы катчы: “Кризиске саясий чечим табылышы керек, себеби аскердик кийлигишүүлөрдүн мүмкүн болгон жыйынтыктарын ойлоо өтө коркунучтуу”- деди.

792125
АКШ менен Түндүк Кореянын тирешүүсү болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерреш, Түндүк Корея жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы тирешүү буга чейин болуп көрбөгөн бир деңгээлге жеткенин билдирди.

Башкы катчы: “Кризиске саясий чечим табылышы керек, себеби аскердик кийлигишүүлөрдүн мүмкүн болгон жыйынтыктарын түшүнүү өтө коркунучтуу”- деди.

Антонио Гутерреш, БУУнун башкы кеңсесинде уюштурулган маалымат жыйынында, Түндүк Корея менен АКШ ортосундагы тирешүү менен Венесуэладагы окуялар туурасында маалымат берди.

Корея согушунда (1951-1953) 3 миллиондон ашык адамдын каза болгонун эске салган Гутерреш, каталарды кайталабоо үчүн тарыхтан сабак алуусу керектигин айтты.

БУУнун коопсуздук кеңешинин акыркы санкция чечимдеринин Түндүк Кореяга ачык бир билдирүү жибергенин белгелеген  Гутерреш, санкциялардын бардык өлкөлөрдө ишке ашырылуусу керектигин баса белгиледи.

Антонио Гутерреш: “Түндүк Корея менен тирешүү көп жылдардан бери болуп көрбөгөн  деңгээлге жетти. Кризиске саясий чечим табылышы керек, себеби аскердик кийлигишүүлөрдүн мүмкүн болгон жыйынтыктарын түшүнүү өтө коркунучтуу”- деди.

Диалог жана дипломатияга чакыруусун кайталаган Антонио Гутерреш, зарыл болгон учурда БУУ ар дайым даяр экенин билдирди.

Венесуэладагы саясий жана экономикалык туруксуздук туурасында өз баасын берген Антонио Гутерреш, өкмөт жана оппозиция “диалог менен саясий чечим” билдирүүсүн берди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Венесуэла үчүн “аскердик варианттын да үстөлдө болгону” тууралуу  билдирүүсүнө  Гутерреш: “Латын Америка ийгиликтүү бир жагдайда тышкы оппозициялардан жана кадыр-барктуу лидерлерден кутулду. Бул мурас сакталышы керек жана Венесуэлада да сакталуусу маанилүү”-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар