АКШ Түндүк Корея менен диалог түзүүнү каалайт

Рекс Тиллерсон журналисттердин суроолоруна жооп берди

790830
АКШ Түндүк Корея менен диалог түзүүнү каалайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея менен диалог тараптары экендиктерин бирок чечимдин, бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ынга байланыштуу экенин айтты.

Мамкатчы Тиллерсон, Мамлекеттик катчылыгындагы маалымат жыйынында журналисттердин күн тартипке байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Түндүк Корея менен өлкөсүнүн ортосунда акыркы күндөрдө күчөп бараткан чыңалуу туурасында көз караштарын айткан Тиллерсон: «Дагы деле Түндүк Корея менен диалог түзүүнү жактайбыз бирок бул Ким Чен Ынга байланыштуу»,-деди.

Рекс Тиллерсон, Түндүк Кореянын лидеринин: «Америкалыктар Корея жарым аралында коркунучтуу оюн ойноп жатышат»- деген сөздөрүнө байланыштуу болсо жооп берүүдөн баш тартты.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны өлкөсүн коркутуудан баш тартууга чакырып, бул чакырыкка кулак салбаган учурда Пхеньяндын АКШнын каарына калаарын айткан эле.



Тектеш кабарлар