Сьерра-Леонеде сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 312ге жетти

Түштүк Азия өлкөсү Непалда болсо сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 70ке жетти

789946
Сьерра-Леонеде сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 312ге жетти

Батыш Африка өлкөсү Сьерра-Леоненин борбор шаары Фритаунда нөшөрлөп жааган жамгырлар себепчи болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 312ге жетти.

Сьерра-Леонедеги Кызыл Крест уюмунун билдирүүсүндө, борбор шаардын Регент аймагында болгон жер көчкүдө, издеп- куткаруучу топтордун топурактын астынан ушул учурга чейин 312 кишинин сөөгүн чыгарганы белгиленди.

Мамлекет башчысынын орун басары Виктор Бокари да, топурактын астында жүздөгөн адамдын болушу мүмкүн экендиги санааркатып жатканын билдирди.  

Аймакта көп сандаган үй баткактын астында калды.

Коннаут ооруканасында иштеген соттук-медициналык экспертиза кызматкери Синнем Камара, апааттан каза болгондордун сөөктөрүнүн оорукананын моргуна батпай калганын белгилеп, тез жардам чакырыгын салды.

Сьерра-Леонедеги мамлекеттик телеканал да апааттан улам күнүмдүк программасын токтотуп, дайынсыз жоголгон жакындарын издеген жана сөөктөрдү каптар менен ташыган адамдардын көрүнүштөрүнө орун берди.

Издеп-куткуруу иштерине аскерлер да катышууда.

Бир тараптан Түштүк Азия өлкөсү Непалда катуу жамгырлар себепчи болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны болсо 70ке жетти.

Жооптуу кызматкерлер 50 кишинин дагы деле дайынсыз экенин белгилешип, 20дан ашуун адамдын да жаралуу экенин билдиришти.

Саламаттык сактоо министри жарандарды суудан жуккан ооруларга каршы эскертти.

 



Тектеш кабарлар