Ирак армиясы ДЕАШка каршы чабуул жасады
Иракта террордук уюм ДЕАШтын көзөмөлүндөгү түркмөн шаарчасы Телаферге чабуул башталды.
Ирак армиясынын Кургактык күчтөрүнүн командирлигинде кызмат өтөгөн генерал Шемседдин Мухаммед Анбери, эл аралык коалиция күчтөрүнө таандык F-16лар менен түн ортосунда Телафер шаарынын борборуна жана айланасындагы террористтер жайгашкан буталарга 13 чабуул уюштургандарын маалымдады.
Анбери, Ирак армиясына тийиштүү замбирекчи бөлүктөр дагы ДЕАШка тиешелүү буталарды көздөй ок жаадырып, коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөткөндөрүн белгиледи.
ДЕАШ террордук уюму, Мосул шаарынын борборунан 63 км батыш жагында орун алган, түркмөндөрдүн басымдуу бөлүгү жашаган Телафер шаарын 2014-жылдын 16-июнунда басып алган.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.