АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу башталдыбы?

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзерге Кытайдын технология жана интеллектуалдык менчик уурулугун кылганы жөнүндө айтымдарды изилдөө милдети берилди.

790548
АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу башталдыбы?

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамптын Соода кеңсеси, Кытайдын өлкөдөн интеллектуалдык менчик уурулугун кылып кылбаганы жөнүндө изилдөө көрсөтмөлөрүн берген жарлыкка кол койду.

Жарлык менен бирге АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзерге Кытайдын технология жана интеллектуалдык менчик уурулугун кылганы жөнүндө айтымдарды изилдөө милдети берилди.

Трамп: “Бул бир чоң кадам жана али башталышы” деди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин болсо жарлыкка кол коюлардын дароо алдында,“Бир соода согушунун эч кандай келечеги жана жеңүүчүсү болбойт, эки тарап тең уттурган болот. Көп ирет баса белгилегенибиз сыяктуу АКШ-Кытай соода карым-катнаштары өз ара пайда табуу жана “эки жак тек пайда тапсын” деген принципке таянат”,- деп маалымдады.

Кытайдын Соода министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө да изилдөөлөрдөн олуттуу чочулоолор болгонун жана кытайлык фирмаларга зыян тийгизүү же болбосо соода келишимдери бузулган учурунда иш-аракетке өтүлөөрү билдирилди.

Интеллектуалдык менчик эки өлкө арасында көп убакыттан бери талкуу темасынан түшпөй келет.  Бул жарлык АКШ жана Кытайдын ортосунда соода согушун күүлөй турганынан санааркалып жатат.



Тектеш кабарлар