Сирия режими Хан Шейхунду бомбалады

Аймак Түркия, Орусия жана Иран белгилеген коопсуз аймактардын ичинде орун алууда.

789410
Сирия режими Хан Шейхунду бомбалады

Сириянын Идлиб шаарындагы Хан Шейхун аймагына режим күчтөрү жасаган кол салууда бирөөсү оор болгон беш жаран жараланды.

Идлиб жарандык коргонуу борборунун жетекчилеринен Мухаммед Хаж Юсуф Анадолу агенттигине маалымат берип : «Режимге караштуу бөлүктөр кечээ түнү менен Хан Шейхунга кол салуу жасады»,- деди. Юсуф : «Аймакта аскердик элементтер жок. Бомбалоо жарандарга карата жасалды. Кол салуулардын улантылышы туралуу маалыматтарды алуудабыз»,- деди.

Хан Шейхунда 4 -  апрелде режим химиялык курал кыргын салган. Эң аз 10 жаран каза болгон аймакта 500гө жакын жаран да жараланган. Аймак Түркия, Орусия жана Иран белгилеген коопсуз аймактардын ичинде орун алууда.



Тектеш кабарлар