Непалда сел жана жер көчкүдө 47 киши каза тапты
Бир тараптан сел жана жер көчкүдөн улам бир топ аймакта байланыш жана электр үзгүлтүктөрүнүн болуп жаткандыгы билдирилди.
Непалдын түштүгүндө катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүдө эң аз 47 киши каза болду. Коопсуздук боюнча катчы Пушкар Карки берген маалыматында жума күндөн бери катуу жааган муссон жамгырларынын жер көчкүгө себеп болгондугун жана өлкөнүн түштүгүндөгү 9 шаарда эң аз 47 кишинин каза болгондугун белгиледи.
Жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер күчкүлөрдөн улам 24 кишинин дайынсыз жоголгондугун айткан Карки 31 миңге жакын үй - бүлөнүн да үйлөрүнөн ажырагандыгын белгиледи. Каза болгондордун санынын артуусунан тынчсызданып жаткандарын белгилеген Карки катуу жамгыр жашынын улантылышы куткаруу топторунун ишине кээ кээде тоскоол болуп жаткандыгын айтты. Бир тараптан сел жана жер көчкүдөн улам бир топ аймакта байланыш жана электр үзгүлтүктөрүнүн болуп жаткандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.