Лавров менен Хафтер Москвада жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбору Тобрук болгон өкүлдөр парламенти тарабынан колдоого алынган генерал Халифе Хафтер менен Москвада жолугушту.

789577
Лавров менен Хафтер Москвада жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сргей Лавров Ливия кризисинин БУУнун негизинде чечилиши керек экендигин белгилеп : «Орусия Ливиянын келечегине ливиялык саясатчылардын чечим чыгарышын колдойт»,- деди.

Лавров борбору Тобрук болгон өкүлдөр парламенти тарабынан колдоого алынган генерал Халифе Хафтер менен Москвада жолугушту.

Сүйлөшүүнүн басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Лавров Ливия кризисинин чечилишине карата бардык аракеттердин БУУнун негизинде жүргүзүлүшү керектигин айтып : «Орусия Ливиянын келечегине  ливиялык саясатчылардын чечим чыгарышын колдойт»,- деди. Лавров Хафтердин Ливия улуттук макулдашуу өкмөтүнүн кеңеш башчысы Файиз Серраж менен диалог үчүн көрсөткөн аракетине да оң карагандыгын айтты. Хафтер да Орусия менен достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашкандарын белгилеп : «Азыркы учурда Ливиянын 90 пайызын террористтерден тазаладык. Өлкөдөгү бардык нефть жана аскердик комплекстер текшерүүбүз астында. Бардык Ливия текшерүүгө алынганга чейин күрөшүбүз улантылат»,- деди.

Маалымат берүүдөн киийн Лавров менен Хафтер жекеме – жеке сүйлөшүүгө өтушту.



Тектеш кабарлар