Мадуро Трамп менен бетме-бет сүйлөшкүсү келет

Мадуро Парламентте 3 сааттай сүйлөдү

788068
Мадуро Трамп менен бетме-бет сүйлөшкүсү келет

Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШнын президенти Дональд Трамп менен бетме-бет сүйлөшүүнү каалаганын айтты.

Экономикалык жана саясий кризис менен алпурушуп жаткан Венесуэлада демонстранттардын бутасындагы ысым болгон Мадуро, жаңы шайланган Куруучу Парламентте 3 сааттык сөз сүйлөдү.

Мадуро сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылып, аны менен бетме-бет сүйлөшкүсү келгенин айтты.

Николас Мадуро: «Эгерде Венесуэлага ушунчалык кызыкдар болсоң мына мен бул жердемин. Дональд Трамп, менин колум бул жерде» деген сөздөрдү айтты.

Чет өлкөлүк күчтөр менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпай тургандарын белгилеген Мадуро, АКШнын Венесуэлага карай санкцияларын да сындады жана теманы АКШ сотуна алып бараарын айтты.

Венесуэлада апрель айынан бери уланып жаткан өкмөткө каршы нааразылык акцияларында 120дан ашуун киши каза тапты.

30-июлда өткөрүлгөн шайлоодо Куруучу Парламент кызматка келди бирок оппозиция Куруучу Парламенттин мыйзамдуу эмес экенин жактоодо.



Тектеш кабарлар