Түндүк Корея ядролук курал изденүүсүн токтотпосо АКШнын каарына калат

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Жим Маттис, Түндүк Кореянын АКШга караштуу Гуам аралын ата турганы менен коркутуусунан кийин бул темага байланыштуу маалымат берди.

787183
Түндүк Корея ядролук курал изденүүсүн токтотпосо АКШнын каарына калат

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Жим Маттис, Түндүк Кореянын ядролук курал изденүүсүн токтотушу керектигин белгилеп, «Түндүк Корея, режимин жана адамдарын кыйроого алып бара турган мамилени көрсөтүүсүн токтотушу керек»,-деди.

Маттис, Түндүк Кореянын АКШга караштуу Гуам аралын ата турганы менен коркутуусунан кийин бул темага байланыштуу маалымат берди.

АКШнын жана шериктештеринин өздөрүн кандайдыр бир кол салуудан коргош үчүн жетиштүү аскердик күчкө ээ экенин да кошумчалаган Маттис: «Ким Чен Ын, БУУнун коопсуздук кеңешинин бир добуштан айткан үнүнө жана Түндүк Кореянын дүйнөлүк коопсуздук жана ырааттуулукка коркунуч туудурганы боюнча бирдей пикирге келген дүйнөнүн төрт тарабындагы өкмөттөрдүн үнүнө кулак салышы керек. Түндүк Корея өзүн изоляция кылуусун токтотушу керек жана ядролук курал изденүүсүн токтотушу зарыл. Түндүк Корея, режимин жана адамдарын кыйроого алып бара турган мамилени көрсөтүүсүн токтотушу керек»,-деп айтты.

Маттис буларды да айтты: «Биздин бириккен шериктеш күчтөрүбүздүн дүйнөдө эң белгилүү, эң даяр, катуу коргонуу жана чабуул күчүнө ээ экенин билиши керек. Биздин иш-аракеттерибиз Түндүк Кореянын иш-аракеттеринен жогору турушун улантат жана Түндүк Корея баштаткан ар бир курал жарышы же согушунда жеңилет».

Түндүк Корея, Hwasong-12 аттуу орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетасы менен АКШга караштуу Гуам аралына кол салуу даярдыгын кылганын жарыялаган.

Гуамдын Конгресс мүчөсү Мадлен З. Бордолло өз билдирүүсүн айтып, Пентагондун жооптуу кызматкерлери берген маалыматка караганда Гуамдын корголгонун жана коопсуз экенин белгилеген.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Түндүк Кореяны АКШны коркутуусун токтотууга чакырып, бул чакырыкка кулак салынбаса Пхеньяндын АКШнын каарына калаарын айткан жана «Түндүк Кореянын өзүнүн пайдасы үчүн АКШга карай дагы көп коркутуусун кылбашы керек. Антпесе дүйнө жүзү мындан мурда эч көрбөгөн каарданууга дуушар болот»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар