Рухани кабинетке 3 аялды кошту
Ирандын президенти Хасан Рухани жаңы кабинетте эч бир аялдын болбошу боюнча сындардан кийин 3 аял министрди дайындады.
Ирандын президенти Хасан Рухани жаңы кабинетте эч бир аялдын болбошу боюнча сындардан кийин 3 аял министрди дайындады.
АКШнын Тегеран элчилигинде 1980 - жылы чыккан барымтага алуу кризисинде катчы катары кызмат кылуу менен таанылган Масуме Эбтекар аял иштери боюнча жооптуу вице - президент болуп дайындалды.
Лая Жонейди болсо укуктук иштерден жооптуу вице - президент кылып дайындады.
Шаниндох Мовлаверди да жарандардын укуктары үчүн атайын кеңешчи болуп дайындалды. Мындан мурунку президенттик мезгилинде 3 аял вице - президенти болгон Руханинин жаңы кабинетте азыр да бош болгон орундуктарга кимдерди алып келери белгисиз.
Рухани жаңы кабинет мүчөлөрүнүн ысымдарын ишеним добушу үчүн кечээ парламенттин спикерине сунуштаган. Жаңы кабинетте эч бир аялга орун берилбешине өлкөдөгү реформисттер каршылык көрсөткөн.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.