Нигерияда террордук уюм Боко Харам Чад көлүнүн жакындарында 30 балыкчыны өлтүрдү

Ишемби күнү Чад көлүндөгү аралдарды басып алган уюм бул жердеги балыкчыларды өлтүрдү.

786842
Нигерияда террордук уюм Боко Харам Чад көлүнүн жакындарында 30 балыкчыны өлтүрдү

 

Террордук уюм июнь айынан бери 113кө жакын кишини өлтүрүп, акыркы мезгилде кол салууларын арттырды.

Борно аймагынын жетекчиси Кашим Шеттима да журналисттерге берген маалыматында акыркы кол салууларда аймактын ар башка жерлеринде 30дан ашуун кишинин өлтүрүлгөндүгүн айтты.

2015 -  жылы Чад көлүндө балык уулоого тыюу салынып, бирок башка  иш таба албаган эл акыркы мезгилде кайрадан бул ишке карай багыт алган болчу.

Акыркы  8 жылда 20 миңден ашуун кишини  өлтүргөн Боко Харам 2 миллион 700 миң кишини да мекенинен алыстатты.



Тектеш кабарлар