Эң чоң динозаврдын калдыгы

Динозаврдын бою 35 метр, салмагы 76 тонна

786638
Эң чоң динозаврдын калдыгы

Аргентинада дүйнөдөгү эң чоңу экени божомолдонгон динозаврдын сөөктөрү табылды.

Бул изилдөөгө байланыштуу кеңири маалымат «Proceedings of the Royal Society B» журналында жарыяланды.

Өсүмдүктөр менен азыктанган динозаврдын куйругунан башына чейинки аралык 35 метр жана салмагы 76 тонна.

Аргентинанын түштүгүндө 2012-жылы сөөктөрү табылган динозаврга «Patagotitan mayorum» деген ысым берилди.

Калдыктарды иликтеген изилдөөчүлөр, динозаврдын Бронтозарус жана Диплодокустардын тукумунан экенин ойлоп жатышат.



Тектеш кабарлар