Европа өлкөлөрүндө жумуртка сатууга чектөө киргизилди

Германия жана Нидерландиядагы “курт-кумурскаларга каршы дары кошулган жумуртка” кризисинен кийин Бельгияда да жумурткаларда үй жаныбарларына колдонулушу тыюу салынган фипронил аттуу курт-кумурскаларга каршы дары аныкталды.

785425
Европа өлкөлөрүндө жумуртка сатууга чектөө киргизилди

Бельгиянын азык-түлүк түйүнүнүн коопсуздугу боюнча жооптуу федералдык агенттиги, июнь айында өлкөдөгү жумурткалардан фипронилдин табылганын бирок иликтөөнүн “жашыруун” түрдө болгонунан улам маселенин калкка билдирилбегенин айтты.

Агенттик, өлкөдөгү жумурткалардын кайрадан артка чогултуулусун талап кылган учур болбогонун, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө жумурткалардагы курт-кумурскаларга каршы дарынын өлчөмүнүн өтө төмөн экенин билдирди.

Саламаттык сактоо министри Мэгги де Блок да: “Иликтөөлөр жумурткалардын калктын саламаттыгына коркунуч туудурбаганын көрсөттү. ” –деди.

Бирок Бельгиянын айыл чарба министри Денис Дукарм, агенттиктин маселеге байланыштуу кандай алдын-алууларды аткарганын камтыган атайын отчет даярдоосун талап кылды.

Дукарм, бул иш тууралуу ачыктык сакталышын жана Бельгиядагы өкүлдөрдүн Германия жана Нидерландиядагы кесиптештери менен  жакындан иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Европада жумуртка кризиси уу-дуу жаратканда , Бельгияда айрым гана жумурткалардын “уулуу” болгону жарыяланган. Бирок ушул тапта өкүлдөр миллиондогон жумурткаларда курт-кумурскаларга каршы дарынын аныкталганын айтып, кардарларды алдын-алуу үчүн “X-NL-40155XX” коду  бар жумурткаларды колдонбоого чакырды.

Бельгиянын Анверс шаарындагы Равел аттуу мекеменин фипронилди Дега-16 аттуу дезинфектант затка аралаштырылганын билдиришкен, мунун көбүнчө Нидерландиядагы тоок чарбаларында колдонулганы жана бул жактан чыгарылган жумурткалардын Германияга да сатылганы айтылган.

Германиядагы айрым  үй канаттууларын баккан чарбалардан да фипронил камтыган жумурткалар чыккан.

Германиядагы супермаркеттер  курамында фипронил болгон жумурткаларды текчелеринен алган. Ал эми “Алды” деген супермаркет түйүнү жумуртка сатууну токтоткон.

Равелдин болжол менен 180  мекемеге курт-кумурскага каршы дары кошулган тазалоочу каражаттарды сатканы  айтылууда.

Фипронил аттуу курт-кумурскаларга каршы дарынын көп өлчөмдө колдонулушу адамдардын бөйрөк, өпкө жана калкан бездерине зыян берери маалым болгон.



Тектеш кабарлар