Афнагстанда кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда Американын аскердик конвоюна жасалган жан кечтилик кол салууда үч жаран менен 1 НАТО аскери каза болду.

783934
Афнагстанда кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда Американын аскердик конвоюна жасалган жан кечтилик кол салууда үч жаран менен 1 НАТО аскери каза болуп, бешөөсү Америка аскери болгон алты киши жараланды.

Борбор шаардын Карабаг районунда жасалган жан кечтилик кол салууда өлкөдө иш алып барган чет элдик аскердик күчтөр бутага алынды.

Афганстандагы НАТО жардам берген күчтөрдүн  расмий маалыматында НАТО күчтөрүнүн афган улуттук армиясы менен орток күзөт учурунда жан кечтилик кол салуучунун бомба жардыргандыгы белгиленди. Жаралуу аскердик кызматкердин Баграм аэропортундагы Американын аскердик ооруканасында дарыланып жаткандыгы билдирилди. Жаралуулардын абалы коркунучтуу эмес. Жергиликтүү басма сөздө жан кечтилик кол салуучунун Талибан мүчөсү экендиги белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар