БУУнан Йемендеги ачкачылык тууралуу эскертүү

БУУ Йеменде 7 миллион кишинин ачкачылык коркунучу менен бетме – бет экендигин жарыялады.

782879
БУУнан Йемендеги ачкачылык тууралуу эскертүү

 

БУУ гуманиатрдык иштер координация офисинин интернет сайтынан жарыяланган отчетто дүйнөдөгү эң чоң адамзаттык кризис болуп жаткан Йеменде 5 жаштан кичүү болгон 2,3 миллион баланын да жетерсиз тамактангандыгы белгиленди.

Йеменде калктын үчтөн эки бөлүгүнүн гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж экендиги баса белгиленген отчетто өлкөдө баш калкалоо, азык – түлүк, суу жана саламаттык кызматтарынын чукул муктаждыктардын арасына киргендиги билдирилди.

Амран облусуна караштуу Хамир районуна жакын жердеги качкындар лагеринде жашаган үй  - бүлөлөрдүн баянына да орун берилген отчетто күнөөсүз кишилердин согуштан таасирленгендиги, 3 миллиондон ашуун кишинин өлкөдөн качкандыгы, ичинде да 2 миллион кишинин жашаган жерлеринен кеткендиги белгиленди.

Өлкөдөгү холера эпидемиясына да көңүл бурулган отчетто адамдардын негизги саламаттык сактоо кызматтарынын берилбешинин айынан дарыланууга боло турган оорулуулардын каза болгондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар