Түркия Йеменге медициналык жардам көрсөттү

Медициналык жардамдар Аденге жетти

781987
Түркия Йеменге медициналык жардам көрсөттү

Түрк Кызылайынын Йеменге жиберген медициналык жардамдар, өлкөнүн убактылуу борбор шаары абалындагы Аденге жетти.

Өкмөткө караштуу Жогорку жардам комитетинин төрага орун басары Жемал Белфаких тарабынан өткөрүлүп алынган 6 контейнерлик жардам, холера оорусу жана балдардын ооруларынын дарылары, стерилденген аппарат менен катар 47 тонналык ар түрдүү дары-дармек жана медикаменттерди камтууда.

Жемал Белфаких жардамдарды өткөрүп алуу учурунда, Түрк Кызылайынын Йемен элине көрсөткөн колдоосунун мактоого арзырлык экенин белгилеп, жардамдарынан улам Түркияга ыраазычылык билдирди.

Йемендеги Кызылай делегациясынын башчысы Мустафа Айдын болсо Түркиядан барган жардамдардын йемендиктерге жеткенине кубангандарын айтып, жардамдардын Йемен элининин кайгысын жеңилдетишин каалады.



Тектеш кабарлар