Трамп менен Тиллерсондун сөздөрү каршы чыгып калды

Вашингтон бийлигинен Түндүк Кореянын саясатына байланыштуу карама-каршылыктуу билдирүүлөр айтылууда.

782563
Трамп менен Тиллерсондун сөздөрү каршы чыгып калды

Вашингтон бийлигинен Түндүк Кореянын саясатына байланыштуу карама-каршылыктуу билдирүүлөр айтылууда.

АКШнын маалымат катчысы Рекс Тиллерсондун эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну азайтууга карай сөздөрдү айтканы, президент Дональд Трамптын болсо “согуштан” кеп салганы тарады.

Түндүк Кореянын ядролук программасы жана ракеталарды сыноосуна сереп салган Рекс Тиллерсон, бул өлкөдө режимди өзгөртүүгө умтулуу жоктугун билдирди.

Министрликте уюштурган маалымат жыйынында Тиллерсон: “Режимдин өзгөрүүсү, режимдин кулоосу, жарым аралдын тездик менен кайрадан биригүүгө баруусу жана аскерлерибизди 38-параллелдин түндүгүнө жиберүү үчүн шылтоо издеген жокпуз,”- деди.

Тиллерсон, Түндүк Кореяга кайрылып, “Сиздин душманыңыз эмеспиз, сизге коркунуч эмеспиз, бирок сиз бизге каршы кабыл алынгыс кооптонуу жаратуудасыз жана буга жооп берүүгө мажбурбуз “,-деп, Кытайдын Түндүк Корея жана Пхеньян бийлигин эч ким жасай албай турган таризде таасир бере турган жеке жана теңдешсиз байланышка ээ болгонуна ишенерин кошумчалады. 

Бирок, республикачыл сенатор Линдси Грэмдин билдирүүлөрү, Президент Трамптын маалымат катчысы менен бирдей пикирде болбогонунан кабар берет.

Республикачыл сенатор NBC телеканалына жарыяланган маегинде, Трамп Гремдин өзүнө, Тундүк Кореянын ракеталарды сыноо программасын улантса согуш чыгарын айтканын билдирди.

Грэм: “Согуш чыкса, ошол жерде болот.Миңдеген адам өлсө ошол жерде өлөт. Бул жакта өлбөйт. (Трамп) Муну маңдайымда турганда айтты ”- деди.

 



Тектеш кабарлар