Жаңы бир минерал табылды

Исландиядагы Хекла вулканында изилдөө жүргүзгөн япон геологдор тарабынан жаңы бир минерал табылды.

781018
Жаңы бир минерал табылды

Исландиядагы Хекла вулканында изилдөө жүргүзгөн япон геологдор тарабынан жаңы  минерал табылды. Копенгаген университетинин геология жана жаратылыш булактары бөлүмүнөн Тончи – Балик – Зуник  Эльдфедль вулкандарынан чогулткан үлүгүлөр боюнча иш алып барышкандарын айтты.

Эмгекте  Хелка вулканынын алкагында алынган таш үлгүлөрүн узун убакытка созулган иликтөөнүн натыйжасында жаңы бир минералдарды табышкандарын билдирген Балик - Зуник буга да «топсоит» деген ат беришкендерин белгиледи.

Балик  - Зуник темир, фтор жана суу молекулаларынан турган «топсоиттин» 2009 -  жылдан бери аймактагы жетинчи жаңы минерал экендигин билдирди. Хелка жана Эльдфедль вулкандарында атайын геологиялык процесстердин улантылып жаткандыгын белгилеген Балик  - Зуник вулкандардын тегерегинин минералдарга абдан бай экендигин айтты. Акыркы жылдарда табылган минерал санындагы артууну белгилеген Балик  - Зуник жаңы методдордун саясында минералдардын химиялык составынын эмне экендиги дагы оңой жана кыска убакытта билингендигин билдирди. Изилдөөнүн жыйынтыгы "Mineralogical Magazine” журналынын акыркы санында жарыяланды.



Тектеш кабарлар