Тайванда тайфун болду

«Несат» жана «Хайтанг» тайфундарында 131 киши жараланды.

780838
Тайванда тайфун болду

Жуманын акырында Тайванда болгон «Несат» жана «Хайтанг» тайфундарында 131 киши жараланып, бир киши дайынсыз жоголду. Расмий кабар агенттиги CNAнын кабарында ашыкча жамгыр жаашы менен аралда 279 жерде сел жүрүп, 20 миң 587 үйгө электрдин бериле албагандыгы белгиленди. Кабарда катуу жамгыр жаашы жана тропикалык борошодон таасирленген 5 миң 137 кишинин коопсуз аймактарга жиберилгендиги билдирилди. «Хайтанг» тайфунунун Тайвандан кийин Кытайдын түштүк аймагы Фусиенге өтүшү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар