Пакистан жаңы өкмөт башчысын шайлайт
Жаңы премьер-министр жана убактылуу премьер-министрдин 342 кишилик Улуттук Парламентте коалиция өнөктөштөрү менен 209 орундукка эгедер Пакистан Мусулман Биримдиги-Наваз партиясынан шайлана турганы айтылууда.
Пакистандык парламентарлар кызматтан алынган Наваз Шарифтин ордуна дайындала турган премьер-министрди шейшемби күнү шайлайт.
Өлкөнүн жаңы өкмөт башчысы боло турганы жарыяланган Пенжап провинциясынын премьер-министри Шахбаз Шариф, Улуттук Парламентке киргенге дейре бийликтеги Пакистан Мусулман Биримдиги-Наваз партиясынын (PML-N) мунай зат жана табигый ресурстар министри Шахид Хакан Аббасинин убактылуу түрдө премьер-министрлик орундугуна отурушу күтүлүүдө.
Жаңы премьер-министр жана убактылуу премьер-министрдин 342 кишилик Улуттук Парламентте коалиция өнөктөштөрү менен 209 орундукка эгедер Пакистан Мусулман Биримдиги-Наваз партиясынан шайлана турганы анык.
Шахбаз Шарифтин Пенжап провинциясынын премьер-министрлик кызматынан кетишинен кийин эң аз 45 күндүн ичинде парламент тарабынан шайланып жаңы премьер-министр болушу көздөлүүдө.
Наваз Шарифтен бошогон орундук үчүн арадагы шайлоонун сентябрь айынын башында болушу пландалууда.