Казакстан Түндүк Кореяны катуу сынга алды

Казакстан, Түндүк Кореянын жума күнү сынактан өткөргөн баллистикалык ракетасын катуу айыптады.

780846
Казакстан Түндүк Кореяны катуу сынга алды

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү маалыматында аталган  ядролук сынактын Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин чечимине каршы экени, дүйнө тынчтыгын коркунучка кептегени, аймактык, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү абалды туруксуздаштырганы айтылган.

Түндүк Кореянын жоопкерчиликсиз саясаты дүйнөдөгү атомдук куралсыздануу тартибине терс таасир тийгизип жатканын жана атомсуз келечекти камсыздоодогу жамааттык күчтөрдү балталаганы айтылган маалымдамада: “Түндүк Кореянын өз калкынын коопсуздугу жана өнүгүшү, айрыкча бардык адамзаттын  пайдасы үчүн атомдук ач көздүктөн баш тартуусуна көшөрүү менен чакырык таштайбыз”,-деп жазылган.

Билдирүүдө, Түндүк Кореянын ядролук коркунучуна карата бардык тараптардын сүйлөшүүлөрүн жаңыдан баштоо менен эки тараптуу кабыл алына турган, туура чечимдин изделиши үчүн күч бириктирүү керектиги белгиленген.

Маалыматта, көйгөйдүн  бир гана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектиги айтылган.

Япония, 28-июлда Түндүк Кореянын бир баллистикалык ракетасын сынактан өткөргөнүн, ал ракетанын Япониянын өзгөчө экономикалык аймактагы сууларына  түшкөнүнө нааразычылыгын билдирген.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, континеттер аралык баллистикалык ракетасын сынактан өткөргөнүн, өз өлкөсүнүн АКШны талкалай турган күчкө ээ экенин жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар