Пакистандын премьер - министри кызматынан алынды

Пакистан Конституциялык соту премьер  - министр Наваз Шериф жана финансы министри Исхак Дарды кызматынан алды.

779658
Пакистандын премьер  - министри кызматынан алынды

Пакистан Конституциялык соту премьер  - министр Наваз Шериф жана финансы министри Исхак Дарды кызматынан алды.

Панама документтеринде балдарынын 'offShore фирмаларынын' арачылыгы менен Лондондо квартираларды сатып алгандыгы ортого чыккандан кийин бир жылга жакын убакыттан бери жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде премьер – министр Шериф тууралуу чечим билдирилди.

Сотто билдирүү жасаган сот Ежаз Афзал Хан : «Шериф эми парламенттин шайланууга ылайык мүчөсү эмес жана премьер  - министрлик милдетин аткара албайт»,- деди.

Пакистан басма сөзү Шериф жана үй  - бүлөсү тууралуу териштирүүнү башташарын да жарыялады. Сот финансы министрин да ушуга окшогон күнөөлөө менен кызматынан алгандыгын жарыялады.

Соттун берген маалыматынан бир канча сааттан кийин премьер  - министрлик Наваз Шерифтин кызматынан кеткендигин жарыялады.

Маалымат агенттиктери келерки жылы элдик шайлоого даярданып жаткан Пакистанда эч бир премьер  - министрдин 5 жылдык кызмат мөөнөтүн толтурбагандыгына көңүлдөрдү бурушту.



Тектеш кабарлар