Англия, Түштүк Кытай деңизине эки учак конуучу кемесин жөнөтөт

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, эки жаңы учак конуучу кемесинин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу сууларда каттамдардын эркиндигин текешере турганын жарыялады.

779471
Англия, Түштүк Кытай деңизине эки учак конуучу кемесин жөнөтөт

 

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, эки жаңы учак конуучу кемеси; HMS Queen Elizabeth жана  HMS Prince of Wales Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу сууларда каттамдардын эркиндигин текешере турганын жарыялады.

Коргоо министри Майкл Фаллон менен Австралияда ар түрдүү темаларда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Жонсон, Сиднейдеги Лови институтунда сүйлөгөн сөзүндө, «Эки ири учак конуучу кеме менен жасай турган алгачкы нерселерден бири аларды эрежелерге ылайык эл аралык системага жана эркиндикке болгон муктаждыгыбызды ырастоо максатында дүйнөлүк соода үчүн абдан маанилүү болгон бул суу жолдорун бойлой эркин каттамдарды текшерүү операцияларына жөнөтүү»,-деди.

Коргоо министри Фаллон да Австралиянын АВС каналында катышкан бир программада, «Алгачкы жайгаштырууларды азырынча чие элекпиз, бирок учак конуучу кемелерди, Индия тарапта Тынч Океанда көрөсүздөр, анткени дүйнөнүн бул бөлүгүндө арткан чыңалуулар жана арткан кыйынчылыктар бар»,-деп айтты.

АКШ, Австралия жана Англия сыяктуу жакын шериктештер менен катар аймак өлкөлөрү да Пекиндин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу сууларга арал куруп, дүйнөнүн эң көп деңиз соода жолдорунан бири өткөн суулардын милитаризация кылынышына каршы чыгууда.

Кытай, 1947-жылы жарыялаган тогуз кесилген сызыктуу картасы менен орто эсеп менен 3 миллион чарчы километрдик аймактын 80 пайызына эгедер болуп алган.

Пекин бийлигинин Түштүк Кытай деңизинде эгедерлигин жарыялаган аймакта Шиша (Paracel), Жонгша, Нанша (Spratly), Донгша аралдары бар.

Филиппин аралдары, Вьетнам, Малайзия, Бруней жана Индонезия менен жээктеш болгон Түштүк Кытай деңизинде аймак өлкөлөрү, аралга эгедерликтерин «Атайын экономикалык аймак» катары белгилеп, бай жер астындагы байлыктарын жана балыкчылык потенциалын чек арасына кошуп алууга аракеттенип келет.



Тектеш кабарлар