Уурулук күч алган Колумбияда күнүгө 75 адам тонолууда
“Комо Вамос” аттуу компания Боготанын жашоо сапатынын деңгээли боюнча даярдаган отчетун жарыялады.
Колумбиянын борбор шаары Боготада бир күндө 75, бир саатта болсо 3 киши тонолду.
Латын Американын 74 шаарында, Колумбиянын 14 шаарында иш жүргүзгөн “Комо Вамос” аттуу компания Боготанын жашоо сапатынын деңгээли боюнча даярдаган отчетун жарыялады.
Отчетто берилгендей борбор калаа Боготада 2016-жылы 40 миң 638 уруулук кылмыштары катталган. Алардын 27 миң 204үн сумка жана баш кийимдерди жулуп кетүү, көчөдө коркутуу менен акча алуу сыяктуу кылмыштар түздү.
Уурулук боюнча өткөн жылы күнүнө 75 адам, саатына 3 киши уурулардын курмандыгы болгон.
Отчетто жазылгандай 23%ы бычак же маки, 12%ы ок атуучу курал, 14%ы ар түрдүү куралдарды колдонгон уурулардын 45% накталай акча, 35% чөнтөк телефон жана 7% велосипед уурдаган кылмыштардан турат.
Боготада өткөн жылы 3 миң 435 үй тонолуп, 2 миң 634 автоунаа менен 3 миң 78 мотоцикл уурдалган.
Отчеттун сексуалдык күч колдонуу боюнча маалыматтар жазылган бөлүмүндө 8 миллиондон ашуун калк жашаган Боготада өткөн жылы бул боюнча 4 миңден ашык арыз жазылганы көңүл бурдурат.
Бул билдирүүлөргө таянсак, бир күндө орто эсеп менен 11 сексуалдык күч колдонуу кылмышы катталат. Мындай окуяга туш болгон 10 адамдын 8и аялдар.
Отчетто балалык жана өспүрүм убагындагы адамдарга байланышкан зордук зомбулук да белгиленди.