Түндүк Корея АКШга кол салабы?

Кореянын борбордук Телеграф агенттигинин маалымдаганына караганда Корея согушунун соңуна чыгарылышынын 64 жылдык мааракесинде Пхеньянда расмий салтанат уюштурулду.

778636
Түндүк Корея АКШга кол салабы?

Түндүк Корея, Америка Кошмо Штаттарын бул ирет «капыстан алдын алуучу кол салуусун кыла» турганы менен коркутту.

Кореянын борбордук Телеграф агенттигинин маалымдаганына караганда Корея согушунун соңуна чыгарылышынын 64 жылдык мааракесинде Пхеньянда расмий салтанат уюштурулду.

Коргоо министри Пак Ён Сик, өз сөзүндө: «Эгерде душмандар Түндүк Кореянын стратегиялык абалын эске албастан жашоолору үчүн коркунуч туудурган алдын алуучу ядролук кол салуу теориясына таянуусун уланта турган болсо, өлкөбүздүн жеңилгис төңкөрүшчүл армиясы кандайдыр бир эскертүү кылбастан Америка империясынын жүрөгүнө эң кеңири масштабдуу алдын алуучу ядролук соккусун уруп, дүйнөдө АКШ деген жерден эч бир из калтырбайт жана мекендин тарыхый биригүү доосун жыйынтыктайт»,-деп айтты.

Кореялык министр Түндүк Кореянын аскердик күчүнүн өсүүсүнөн корккон АКШнын Пхеньянга алдын алуучу ядролук кол салууну пландап жатканын да белгилеп өттү.

Түндүк Корея жана АКШнын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлбагандыгын, ок атышпоо келишиминин болсо АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик даярдыктарынын себебинен жараксыз болуп эсептелгени үчүн расмий түрдө согуш абалында болуп эсептелет.

Түндүк кореялыктар 64 жыл мурда соңуна чыккан Корея согушунда АКШга каршы жеңишке жетишкендиктерин кабыл алууда жана ок атпоо камсыздалган 27-июль күнүн «Тынчтык күнү» деп майрамдашат.



Тектеш кабарлар