Кытай менен Америка тиреше баштады

Кытайдын Коргоо министрлиги, Американын реактивдүү учактарынын Чыгыш Кытай деңизинде Кытай согуштук учактары тарабынан “коркунучтуу” түрдө бөгөт коюлганы жөнүндө дооматтарын төгүндөдү.

778447
Кытай менен Америка тиреше баштады

 Кытайдын Коргоо министрлиги, Американын реактивдүү учактарынын Чыгыш Кытай деңизинде Кытай согуштук учактары тарабынан “коркунучтуу” түрдө бөгөт коюлганы жөнүндө дооматтарын төгүндөп,  Вашингтон өкмөтүнө өз эгемендик аянтынан алыс болууларына чакырык салды.

Министрликтин басма сөз катчысы Рын Гуочианг өзүнүн жазган маалыматында Кытай учкучтарынын “мыйзамдын чегинде, керектүү жана кесипкөй деңгээлде”  иш жүргүзүп жатканын баса белгилеп: “Америка Кошмо Штаттарынын аскердик күчтөрү Чыгыш-Кытай деңизиндеги кооптуу, кесипкөйлүккө каршы келген жана достукка жатпаган аскердик аракеттерин токтотушу керек”, -деди.

АКШнын аба күчтөрүнө тиешелүү бир чалгындоо учагынын жекшемби күнү Чыгыш Кытай деңизиндеги аба мейкиндигинин жанында аныкталганын айткан Рын, буга кошумча кытайлык учкучтардын “жобого ылайык жана мыйзам чектеринде бул учактардын жакындашына бөгөт койгондорун” айтты. 

Рын, АКШ чалгындоо учактарынын аталган аймакта Кытай улуттук коопсуздугун коркунучка кептегендерин жана абада мүмкүн боло турган кырсык тобокелдигин жаратып, эки өлкө учкучтарынын коопсуздугун коркунучка салгандарын айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз катчысы Лу Канг: “АКШ келечекте мүмкүн болгон кырсыкка жол бербеши үчүн аймакта эл аралык укукка туура келбеген аскердик кыймылдарын токтотушу керек”,- деген сөзүн айткан.

АКШнын деңиздик-аскердик флотунун жооптуу кызматкерлери Чыгыш Кытай деңизи менен Сары деңиз ортосунда учкан EP-3 чалгындоо учагынын эл аралык аба мейкиндигинде Кытайга тиешелүү  эки J-10 согуштук учагы тарабынан “кооптуу” абалда жолу торолгонун айтышкан.



Тектеш кабарлар