Израиль полициясы Акса мечитинин каалгасындагы темир тосмолорду алып салды

Тосмолор алынгандан кийин Акса мечитинин Арстандуу (Эсбат) каалгасында чогулган Иерусалим эли майрамдап жатышат.

778814
Израиль полициясы Акса мечитинин каалгасындагы темир тосмолорду алып салды

Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн өткөн түнү чыгарган чечими боюнча полиция кызматкерлери Акса мечитинин каалгаларындагы детекторлорду жулуп, каалгаларда калган темир тосмолорду дагы алып салды. Тосмолор алынгандан кийин Акса мечитинин Арстандуу (Эсбат) каалгасында чогулган Иерусалим эли майрамдап жатышат.

Эсбат дарбазасында басылмаларга маалымат берген Акса мечитинин фондунун мүдүрү Өмер Кисвани: “Акса мечитинде аныктоо үчүн милдеттендирилген техника комитетинин иштеринин толук аяктоосун күтөбүз. Аксага кирип-кирбөө маселесинде шашылыш чечимге барбайбыз. Эртең менен бир чогулуш жасап кандай чечим чыгарабыз көрөбүз” -деди.

Ал ортодо Израил аскерлеринин Акса мечитинин Арстандуу (Эсбат) каалгасынын жанында намаз окуп жаткан жүздөй кишиге кийлигишип эки палестиналык жарадар болгону белгилүү болду.

Израил полициясы 14- июль жума күнү Акса мечитине куралдуу чабуул жасаганы такталган үч палестиналыкты өлтүргөн. Окуяда жарадар болгон эки Израилдин полиция кызматкери болсо, ооруканага жаткырылып, ошол жерден көз жумганы айтылган.

Окуядан кийин Акса мечитин ибадат кылуу үчүн жаап салган Израил күчтөрү Харами Шарифтин эки каалгасын 16- июль жекшемби күнү ачып, бирок каалгаларга электрондук металл аныктагыч детекторлорду орноткон. Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн өткөн түнү болгон таасирлерден кийин кабыл алган чечими менен Акса мечитинин каалгаларындагы детекторлор чыгарылып алынды. Палестиналыктар детекторлор орнотулган күндөн бери Аксанын короосунда чогулуп намаз окуп жаткандарында улам-улам Израиль полициясынын орой мамилелерине туш болуп жатышкан.



Тектеш кабарлар