Ирактын өкмөт башчысы референдумга каршы

Ирактын премьер- министри Хайдар аль- Ибади, Ирак-Күрт аймактык башкаруучулугунун сентябрь айына пландаган эгемендүүлүк референдумунун мыйзамдуу болбогонун айтты.

777812
Ирактын өкмөт башчысы референдумга каршы

Ибади: “Күрт жана бүткүл Ирак элинин каалоолорун урматтайбыз. Бирок баш мыйзамда бир тараптуу референдум өткөрүү жана бөлүнүү ыйгарымы жок. Бул референдум мыйзамдуу эмес жана муну тааныбайбыз”- деди.

Борбор калаа Багдадда жумалык маалымат жыйынын өткөргөн Ибади, Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунда олуттуу кризис болгонун билдирип, “Алардын бул багытта илгерилешине эскертүү берем. Мунун жыйынтыгында пайда боло турган коркунучтар баарыбызга өз таасирин тийгизет. Баарын сүйлөшүүгө чакырып жатабыз. Аймактагы эл референдум өткөрүү үчүн шашылбай турганына ишенем” –деп айтты.

Ибади, түркмөндөрдүн көпчүлүгү жашаган Телаферди террор уюму ДЕАШтан куткаруу операциясы үчүн даярдыктарынын уланып жатканын да билдирди.



Тектеш кабарлар