АКШдан Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

АКШнын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун кабыл алды

777725
АКШдан Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

АКШнын Өкүлдөр палатасы Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды алып келген мыйзам долбоорун кабыл алды.

«Санкциялар жолу аркылуу Американын душмандары менен күрөшүү» темалуу мыйзам долбоору, 3 каршы 419 макул добушу менен кабыл алынды.

Долбоорго караганда Орусияга Украинадагы кадамдарына байланыштуу жаңы санкциялар киргизиле туган болсо, Иран менен Түндүк Корея да атомдук жана баллистикалык ракета программаларынан улам санкцияларга дуушар болушат.

Дональд Трамптын Орусия менен карым-катнаштарындагы аянтты кичирейткен мыйзам долбоору, учурда жарактуу болгон Орусия санкцияларын жеңилдетүү же жоюуну каалаган учурларда Американын президентине Конгресстен макулдук алуу шарты коюлушу менен көңүлдөрдү бурду.

Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан тексти «Тарыхтагы эң комплекстүү мыйзам долбоорлорунун бири» деп мүнөздөдү.

Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Эд Ройс да аты аталган үч өлкөнүн АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудургандарын, акыркы мезгилдерде күчөгөн ракета сыноолорунун себебинен Пентагон башкаруучулугуна да күчтүү билдирүү айткасы келгендерин сөз кылды.

Долбоордун мыйзамдашуусу үчүн Трамптын үстөлүнө бараар алдында Сенатта да кабыл алынышы керек. Трапмтын долбоорду кабыл алуу же вето кылуу укугу бар.

Ак үй Трамптын чечиминин азырынча так эмес экенин билдирсе, президент мурдагы билдирүүлөрүндө Орусияга санкцияларды жеңилдете турганын айткан эле.

АКШдагы президенттик шайлоолорго кибердик кол салуу жолу менен кийлигишкени жөнүндөгү айтымдар боюнча жүргүзүлгөн териштирүүлөрдө бутага алынган Орусиянын жаңы санкцияларга каршы кандай мамиле кылаары да кызыгуу жаратууда.  



Тектеш кабарлар