Украина чыгыш аймагына курал-жарак жана танка жөнөтүшү мүмкүн

АКШнын Украинадагы өкүлү Волкер BBCге маек куруп берди

777163
Украина чыгыш аймагына курал-жарак жана танка жөнөтүшү мүмкүн

АКШнын Украинадагы атайын өкүлү Курт Волкер, Украинанын Орусия колдогон козголоңчулардын чыгыштагы илгерилөөсүн токтотуу үчүн аймакка курал-жарак жана танка жөнөтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Украинанын чыгышына сапар жасаган Волкер ББСге берген маегинде бул жардам аркылуу Киев башкаруучулугуна караштуу күчтөрдүн Орусиянын илгерилешин токтото алаарын айтты.

Орусиянын чек арасына курал-жарак жөнөтүү чечиминин Москваны козголтушу мүмкүн экенин баса белгилеген Волкер, мунун Украинаны болсо кайраттандыра туранын белгиледи.

Украинанын коргоо министри Николай Муженко Орусиянын Украина чек арасына үч бөлүк аскер жылдыра турганын жана бул бөлүктөрдүн кол салууга карай машыптырылып жабдылган бөлүктөр экенин айткан эле.


Этикеткалар: #Украинанын , #күчтөрдүн

Тектеш кабарлар