Сирия Чыгыш Гутага кол салууну улантууда

Сирияда Асад режими «коопсуз аймактардын» ичинде орун алган, бир тараптуу ок атууларды токтотууну жарыялаган Чыгыш Гутага кол салууларын улантууда.

777062
Сирия Чыгыш Гутага кол салууну улантууда

Сирияда Асад режими «коопсуз аймактардын» ичинде орун алган, бир тараптуу ок атууларды токтотууну жарыялаган Чыгыш Гутага кол салууларын улантууда.

Чыгыш Гутадагы жарандарды коргоо борборунан алынган маалыматка караганда  режимге таандык аскердик учактардын кечээ кечки сааттарда Арбин аймагына жасалган кол салууларда үчөөсү бала болгон 8 жаран каза болду.

Режим саат 08:19да да Земелка аймагына абадан кол салуу жасалды. Борбор шаар Дамасктын чыгышында Кобар мааласы менен Айн Терма жана Земелка аймактары да ичинде болгон Чыгыш Гута аймагы беш жылдан бери режимдин курчоосу астында. Режим Чыгыш Гутанын түштүк – чыгыш жагында жарым арал болгон Кобарды түштүк  - батышындагы Айн Терма жана Земелкадан бөлүнүп жалгыз курчоого алууну максат кылууда.

Ушундайча режимдин 1,5 айдан бери кол салган Чыгыш Гута аркылуу курчоо да тарайган болот.

Орус кабар агенттиги РИА Новости өткөн жумада Орусиянын коргоо министрлигине таяндырган кабарында Египеттин арачылыгы менен Каирде жолугушкан орус жетекчилер жана «сириялык топтордун» арасында келишимге кол коюлгандыгын жарыялаган болчу. Ушул боюнча Башар Асад режими Ирандын  3 – 4  - майда Казастандын борбор шаары Астанадагы жыйында белгилеген 4 коопсуз аймагынын ичинде орун алууда.



Тектеш кабарлар