Орусия Украина чек арасына аскерлерин жайгаштырды

Орусия чыңалууну курчутуп жатабы?

776115
Орусия Украина чек арасына аскерлерин жайгаштырды

Украинанын коргоо министри Николай Муженко, Орусиянын Украина чек арасына үч бөлүктөн турган аскердик топту жылдырганын айтты.

Муженко бул бөлүктөрдүн кол салууларга карата машыктырылып даярдалган аскердик бөлүктөр экенин билдирди.

Муженко өткөргөн маалымат жыйынында, булардын моторлоштурулган бөлүктөр экенин жана капыстан кол салуу ыкмасынын негизинде машыктырылгандыктарын сөз кылды.

Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин да мурдагы күнкү билдирүүсүндө, Орусиянын Чыгыш Украинадагы чыңалууну акыркы мезгилдерде билип туруп курчутуп жатканын айткан болчу.



Тектеш кабарлар