Катардын террорчулукка каршы жаңы чара көрүүлөрү

Катар Эмири Шейх Темим бин Хамад Аль Сани террорчулукка каршы күрөшүү маселесинде айрым мыйзамдарды өзгөртүү туурасында токтом кабыл алды.

775118
Катардын террорчулукка каршы жаңы чара көрүүлөрү

Катардын маалымат агенттиги QNAнын берген маалыматына караганда  Шейх Темим, «террористтердин, террор кылмыштарынын, террор уюштуруунун түрлөрүн жана ага финансылык колдоо көрсөтүүнү токтотуу маселелерин камтыган террорчулук менен күрөшүү туурасында айрым мыйзамдарды өзгөртүүгө» токтом чыгарды.

Маалымат агентиги бул туурасында кененирээк маалымат берген жок.

Американын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Доха шаарына 12- июлда иш сапары менен барган. Анда Катар менен АКШнын ортосунда террорчулукту каржылоонун алдын алууга багытталган меморандумга кол коюлган.



Тектеш кабарлар