10 жаштагы бала тарыхый калдык тапты

АКШнын Жаңы Мексика дубанында үй- бүлөсү менен табиятка жүрүшкө чыккан 10 жаштагы Жуд Спаркс чалынып жыгылып 1 миллион 200 миң жылдык тарыхы бар калдык таап алды.

775147
10 жаштагы бала тарыхый калдык тапты

10 жаштагы бала тарыхый калдык тапты

АКШнын Жаңы Мексика дубанында үй- бүлөсү менен табиятка жүрүшкө чыккан 10 жаштагы Жуд Спаркс чалынып жыгылып 1 миллион 200 миң жылдык тарыхы бар калдык таап алды.

Ноябрь айында үй-бүлөсү менен табиятка жүрүшкө чыккан Спаркс бир нерсеге чалынып жыгылган. Ал Нью-Йорк Таймс гезитине берген маегинде алгач ал чалынган нерсе жыгач калдыгы болсо керек деп ойлогонун айтты. Баланын ата-энеси Майкл жана Кайл Спаркс уулунун жанына келгенде жанындагы калдыкты пилдин тиштерине окшоштурушуп, Нью-Йорк мамлекетик университетинин профессору Питер Хоудго билдиришкен.

Жер ээси менен сүйлөшүп, казуу иштери үчүн уруксат алган Хоуд жана анын командасы бир жуманын ичинде май айында калдыкты толугу менен казып алышты.

 Хоуд: «Табылган баш сөөк калдыктары 1 миллион 200 миң жыл мурда жашаган пилге окшош өлүп жок болгон «стегомастодон» аттуу жаныбарга таандык» -деп айтты.

Профессор Хоуд «стегомастодондун» баш сөөгүнүн салмагы 1 тоннадай болот деп болжолдоп жаткандарын жана аны изилдеп калыбына келтирүү үчүн жылдаган убакыт кетерин билдирди. Хоуд стегомастодонго таандык баш сөөк кийинчирээк көргөзмөгө коюла тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар