Дүйнөдө түрлөрдүн 70 пайызы жок болууда
Илимпоздордун акыркы эмгеги түрлөрдүн жок болушундагы эң чоң таасирдин адам экендигин ортого салды.
Бир илимий журналда жарыяланган изилдөө үчүн сүт эмүүчүлөрдөн куштарга чейин 27 миң 600 омурткалуу жаныбарда иликтөө жүргүзүлдү.
Эмгек иликтенген түрлөрдүн 30 пайызынын жок болгондугун көрсөттү. Адистер : «Жок болуу ылдам түрдө ишке ашууда. Алдыбыздагы 100 же 150 жылдын ичинде түрлөрдүн чоң бир бөлүгүн жоготуу коркунучу менен бетме – бет келип турабыз»,- деп эскертти.
Изилдөөчүлөрдүн билдиргенине караганда түрлөрдүн жок болушундагы эң чоң таасир адамдар.
Илимпоздор : «Бардык жандуу түрлөрү дүйнөдө турмушту колдогон теңдеменин бир бөлүгү. Адамдар дүйнөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн берген механизмди жок кылууда»,- деген көз карашта.
Адам санындагы өсүү жана жогорку каржоо бир топ жандуу түрүнүн жана ушуга байланыштуу адамзаттын акырын алып келиши мүмкүн. Илимпоздор чара көрүлбөсө кылымдын акырына чейин түрлөрдүн 70 пайызынын жок болуп кетиши боюнча эскертишти.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.