Катар Эл аралык соттор менен уюмдарга кайрылат

Катар өкмөтү, өзүнө санкция жарыялаган Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египетке каршы Эл аралык соттторго кайрылып , кетирген зыяндын кунун төлөтүүнү  талап кылат.

772701
Катар Эл аралык соттор менен уюмдарга кайрылат

Катардын Экономика жана соода министри шейх Жасим бин Гасим бин Мухаммад Аль Сани, Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб, Бүткүл дүйнөлүк интеллектүалдык менчик уюмунун  башкы директору  Фрэнсис Гарри жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун  башкы директору Роберту Азеведу менен жолугушту.

Министликтин маалыматына таянсак аталган сүйлөшүүлөрдө Перс булуңундагы учурдагы кырдаал,  санкция жарыялаган өлкөлөрдүн саякатка тыюу салышы, кургактык, аба жана деңиз чек араларды жабышы сыяктуу мыйзамга каршы аракеттери талкууланган.

Аль Сани, “Катар, керектүү бардык мыйзамдык чараларды колдонот жана санкция жарыялаган өлкөлөрдүн жооп бериши үчүн аймактык жана Эл аралык соттор менен уюмдарга кайрылат”, -деди.

Санкциядан улам жергиликтүү жана чет элдик фирмаларга тийген зыянды калыбына келтирүүдө  Аль-Сани, доо коюлардын качан жана кайсы сооттордо карала тургандыгы жана кетирилген чыгымдар качан  талап кылынаары туурасында маалымат берген жок.

Антсе да, Катардын коргоо министри Халед бен Мухаммед аль- Атыйя да өлкөсүнө санкция жарыялган Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египетке каршы Эл аралык Адилеттик кеңешине кайрыла тургандарын билдирди.      



Тектеш кабарлар