Дональд Трамп Макрон менен жолугушту

Дональд Трамп менен Эммануэль жолугушкандан кийин басма сөзгө маалымат берди.

770792
Дональд Трамп Макрон менен жолугушту

АКШнын президенти Донльд Трамп француз төңкөрүшүнө арналган иш чарага катышуу үчүн Францияга барды. Борбор шаар Парижде президент Эммануэль Макрон менен жолугушту. Еллисей сарайында жолугушкан эки лидер жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берди. Франциянын президенти Макрон : «Жолугушууда соода карым – катнаштары, террор менен күрөш жана Сирия тууралуу пикир алышууларда болдук. Ливия менен Африканын Сахел аймагы тууралуу да орток көз карашты билдирдик. Бир топ маселеде бирдей көз караштабыз. Глобалдык ысынуу маселеси да болгон абдан аз темада пикирлерибиз келишкен жок. Мен Париж климаттык келишимине баш ийүүнү улантуудамын»,- деди. Макрон өлкөсүнүн террор менен күрөшүү тууралуу көз караштарынын АКШ менен бирдей экендигин айтты.

Дональд Трамп болсо Франциянын жаңы лидеринин либерал экономикага болгон көз карашын мактап, өзгөчө соода жана экономиканын өнүгүшү үчүн француз лидердин бюрократиялык бөгөттөрдү жоюу кыймылдарына сый көрсөткөндүгүн билдирди. Эки тараптуу карым – катнаштарга да токтолгон Трамп : «Франция менен АКШ абдан эски союздаш. Бул эки өлкө тең эзелтеден бери  эркиндик боюнча бирдей пикирде. Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар абдан күчтүү. Биздин карым – катнаштарыбыз мыкты деңгээлде»,- деди. Трамп бир тараптан өлкөсүнүн Париж климаттык келишиминде калып улантуусу үчүн бир ачык каалга калтырылышы керектигин айтты. Андан мурда бул келишимден баш тартууну каалагандыгын айткан Трамптын басма сөз жыйынында айткан : «Париж климаттык келишими тууралуу  бир нерселер болушу мүмкүн. Эмнелер болорун күтүп көрөбүз»,- деген сөздөрү көңүлдөрдү бурду.  



Тектеш кабарлар