Израиль эки палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түрдүү аймактарында 21 палестиналыкты камоого алды.

769391
Израиль эки палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлери Женин лагериндеги эки палестиналыкты атып өлтүрдү. Кээ бир кишилер да жараланды. Женин шаарындагы Доктор Халил Сүлейман ооруканасынын жетекчилеринен алынган маалыматка караганда Израиль аскерлери тарабынан бүгүн эрте менен атылган эки палестиналык каза болду.

Кээ бир палестиналыктардын да жаралуу ооруканага жаткырылгандыгы, жаралуулардан бирөөсүнүн өмүрү коркунучта экендиги билдирилди. Израиль аскерлеринин бүгүн эрте менен Женин лагерин басып алуусу менен чыккан окуяларда аскерлер палестиналыктарга каршы чыныгы ок менен газ бомбасын колдонгон.

Ошол эле учурда Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түрдүү аймактарында 21 палестиналыкты камоого алды. Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү менен жүргүзүлгөн операцияларда "террордук кыймалдарга аралашты" деген 21 палестиналыктын камоого алынгандыгы белгиленди. 



Тектеш кабарлар