Орусия НАТОдогу элчисин чакыртып алат

«Известия» гезити Орусиянын НАТО менен болгон дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн экенин жазып чыкты.

768850
Орусия НАТОдогу элчисин чакыртып алат

Орусия НАТОдогу элчисин чакыртып алышы мүмкүн.

«Известия» гезити Орусиянын НАТО менен болгон дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн экенин жазып чыкты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин булактары, Известияга берген маалыматында Брюсселдеги НАТО элчиси Александр Грушконун Москвага кайткан учурунда,Шериктештик менен дипломатиялык карым-катнаштарын элчи милдетин аткаруучу кызматкер деңгээлинде жүргүзө турганын айтты.

Аты аталбаган булактарда, карым-катнаштарда жакынкы убакта оң өзгөрүүлөр болбосо Москванын Брюсселде бир гана элчи милдетин аткаруучусун калтыра турганы белгиленген.

Башка бир булактын түшүндүргөнүнө караганда бул ыктымалдуулукка НАТОнун конструктивдүү диалог курууну каалабагандыгы жана ар бир талаш-тартышты Орусияга карай күнөөлөөлөргө айландырышы себеп көрсөтүлүүдө.

Башка бир дипломатиялык булактар болсо, «НАТО менен сүйлөшүүгө жана талкуулоого даярбыз. Бул пайдалуу болмок, бирок ар бир сүйлөшүүнүн күнөөлөөгө айланышы бул сүйлөшүүнүн маанисин жоготушуна себеп болууда»,-деди.

Известияга караганда Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери Брюсселде 13-июлда элчилер деңгээлинде чогулуп, Орусия-НАТО кеңешинен жыйынтык чыга турганынан шек санагандарын айтты.

Орусия жана НАТОнун ортосундагы карым-катнаштар Украинадагы кризистин айынан 2014-жылдан бери чыңалган абалда.



Тектеш кабарлар