АКШ - Япония - Индия биргелешкен машыгуусу

Инд океанынын Бенгал булуңунда башталган «Малабар машыгуусу» 17 -  июлда аяктайт.

767970
АКШ - Япония  - Индия биргелешкен машыгуусу

Япония, АКШ жана Индия Инд океанында биргелеше машыгуу баштады. Киодо агенттигинин кабарына караганда Инд океанынын Бенгал булуңунда башталган «Малабар машыгуусу» 17 -  июлда аяктайт.

Жыл сайын өткөрүлгөн машыгууда араларында АКШга таандык учак кемеси  «Nimit», Японияга таандык тик учар кемеси «Izumo», Индияга таандык учак кеме «Vikramaditya» да болгон 20га жакын кеме катышууда.

Индиянын коргоо жана финансы министри Арун Жаитлей май айында Япониянын борбор шаары Токиодо өткөргөн расмий сапарында япон кесиптеши Томоми Инадага АКШ, Япония жана Индиянын ортосунда өткөрүлүшү пландалган аскердик машыгуунун бул тармактагы кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк болорун айткан болчу.

Япон армиясы өткөн айда АКШ деңиз флоту менен бирдикте Түштүк Кытай деңизинде жүргүзгөн машыгууда Японияга таандык тик учар кемеси  «Izumo», аскердик кеме  «Sazanami» жана АКШга таандык USS Ronald Reagan учак кемеси да катышкан болчу.



Тектеш кабарлар